Линктер

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 2-сентябрда Көчмөндөр оюндары өтүүчү Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда катуу жаан жаады. Анын кесепетинен оюндарга даярдык көрүп жаткан 20 боз үйдү суу каптады. Азыркы тапта жергиликтүү эл, 50 чакты куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Министрликтин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси Замир Жумагазиев менен Ыкчам аракеттенүү башкармалыгынын башчысы Урматбек Шамырканов Кырчын жайлоосунда жүрүшөт. Суу каптаган боз үйлөр суу агуучу коктунун жанында тигилген. Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында, Булан-Сөгөтү айылында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. Маанилүү иш-чаралар Кырчын жайлоосунда белгиленген. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG