Линктер

Казакстандын Актөбө шаардык соту Орусия аймагында террордук чабуул уюштурууга чакырык жасады деп шектелген жаранды 4 жыл 8 айга эркинен ажыратты.

Хромтау районунун тургуну, 34 жаштагы Алмас Абдраев быйыл март айында "өзүнүн эки таанышынын көз карашына таасир этүүгө аракет жасаган, Орусияда теракт уюштурууга чакырган" деген шек менен камакка алынган болчу.

Соттун чечими менен анын мүлкү мамлекетке чегерилмей болду. Абдраев жазасын жалпы тартиптеги колонияда өтөйт. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG