Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:11

АКШнын Демократиялык партиясынын электрондук почтасына жасалган хакердик чабуулдарга Орусиянын тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн орус президенти Владимир Путин билдирди.

"Орусия мындайга эч качан барбайт" деди Путин. Анын айтуусунда, минтип айтууга негиз жок, себеби азыркы технологиянын күчү менен да чабуул каяктан жасалганын так аныктоо дээрлик мүмкүн эмес.

- Мен бул тууралуу эч нерсе билбейм. Билесиңерби, азыр канча деген көп хакерлер бар. Алар ушунчалык кылдат иштешет. Артынан из калтырбайт, - деди Путин.

30-августта АКШнын Федералдык иликтөө бюросуна "Орусия АКШдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракет жасап жатат" деген кооптонуунун чын-төгүнүн изилдеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Сенаттагы демократтардын лидери Гарри Рид ФБРге жөнөткөн катта "кансыз согуштан" бери алгачкы жолу АКШдагы демократияга олуттуу коркунуч жаралып жатканы айтылат.

Мамлекеттик базада шайлоочулардын аты-жөнү, жашаган жери жана башка жеке маалымат сакталат.

Июль айында Иллинойс штатындагы базадан 200 миң шайлоочу тууралуу маалымат уурдалганда система 10 күндөй иштебей турган.

Президенттик шайлоо АКШда быйыл күзүндө өтөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG