Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бүгүн, 2-сентябрда саат 20:55те жүрөгү токтоп дүйнө салды. Бул тууралуу ушу тапта өлкөнүн мамлекеттик телеканалы кабарлоодо.

Өлкө башчысынын өлүмүнө мээсине кан куюлуп, инсульт болгондон кийин абалы начарлаганы себеп болгону кабарланды.

Маркумдун жаназасы 3-сентябрда Самарканд шаарында, ата-энесинин сөөгү коюлган жерде өтөт.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Ислам Каримов 29-августта каза болгонун жазып чыгышкан.

Өлкөнү 27 жылдан бери башкарып келген Каримов 78 жашта болчу.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG