Линктер

Казак, кыргыз, орус премьерлери Каримовдун тажиясына катышары кабарланды


Тажия үчүн атайын унаалар Самарканд шаарында

Тажия үчүн атайын унаалар Самарканд шаарында

Ислам Каримовдун тажиясына Орусиядан премьер-министр катышат. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлаганына караганда, президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Самаркандга өкмөт башчы Дмитрий Медведев бармай болду.

Казак премьер-министри Карим Масимов Твиттерге "Өзбек калкы менен бирге кайгырабыз. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен Самаркандга жөнөп жатам" деп жазды.

Кыргызстандан да өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий делегация катышары айтылды.

Өлкөнү 27 жыл башкарган 78 жаштагы Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнө салды.

Анын сөөгү 3-сентябрда өзү туулуп-өскөн Самарканд шаарында жерге берилет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG