Линктер

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Өзбекстан менен чектеш аймакка жакын жерде өзбек аскерлери машыгуу өткөрүп жатышат. Коңшу өлкө “Касансай” өткөрүү пунктуна 2-сентябрда алты танк алып келди.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева “Азаттык” радиосуна билдиргендей, өзбек тарап буга чейин машыгуу тууралуу кабарлаган. Бирок ал канча күнгө созулары белгисиз.

- Кыргызстанга алдын ала маалымдалган. Коңшу өлкө аскерлеринин окуу-машыгуулары жыл сайын эле болуп турат. Кооптонууга эч кандай негиз жок,- деди Чоколоева.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG