Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Кыргыз делегациясы Каримовдун зыйнатына катышуу үчүн Самаркандга барды


Кыргыз премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Өзбекстан президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Самарканд шаарына барышты.

"Азаттык" радиосуна өкмөттөн кабарлашкандай, топтун курамында өкмөт башчыдан тышкары Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, депутаттар Нодирбек Каримов, Анвар Артыков, экс-депутат Бахтияр Кадыров, коомдук ишмерлер Бөрүбай Жураев, Махамаджан Мамасаидов жана парламенттин аппарат башчысы Абдыманап Кутушев бар.

Маркум менен коштошууга Орусия менен Казакстандан да премьер-министрлер барары кабарланган.

Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Маркумдун сөөгү бүгүн Самаркандда жерге берилет. Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримов оорудан улам каза болгону 2-сентбярда кечинде расмий жарыяланган.

Ушул тушта дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин президенттери Каримовдун көз жумганына байланыштуу өзбек элине көңүл айтуу каттарын жөнөтүп жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG