Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Ел Раи аймагына киришти


Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Ел Раи аймагына киришти.
"Фырат калканы" деп аталган атайын операциясынын алкагында бүгүн түрк армиясынын оор артиллериясы Түркиянын Килис аймагына чектеш Сириянын Раи шаарына киришти.

Dogan кабар агенттигинин билдирүүсүндө кеминде 20 танк, аскерлерди ташыган беш БТР жана курал-жарак ташыган унаалар учурда Сириянын аймагында турат. Чек арадан Раи шаарына кирген танктар аймактагы операциясын улантууда.

"Фырат калканы" операциясын Түркия коңшу Сириянын чек арага жакын аймагындагы Жераблус шаарынан өткөн аптада баштаган. Түрк армиясынын Раи шаарына куралдуу басып кирүүсү бул операциянын экинчи баскычы. (ElB)

XS
SM
MD
LG