Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

“Юнона” Юпитердин жаңы сүрөттөрүн жиберди


Быйыл июлда Юпитердин орбитасына кирген “Юнона” космос аппараты Жерге аталган планетанын жаңы сүрөттөрүн жиберди. Маалыматтарга караганда, сүрөттөр буга чейин окумуштуулар эч качан көрбөгөн ракурстан тартылган.

NASA агенттиги тараткан сүрөттөрдө Юпитердин эки уюлундагы булуттарды көрүүгө болот. “Юнонанын” бортуна планетанын атмосферасын изилдей турган аппарат орнотулган. Анын жардамы менен илимпоздор "Юпитердин катуу ядросу барбы же ал жалаң газдан турабы?" деген суроого жооп издешет. Окумуштуулар бул маалыматтар Күн системасындагы бардык планеталардын жаралуу тарыхын ачканга көмөктөшөрүн айтышты.

“Юнона” аппараты Юпитерге өтө жакын баралат. Анын саякаты 2018-жылы аяктайт. Андан соң аппарат планета атмосферасына кирет жана күйүп кетет.

XS
SM
MD
LG