Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Ысык-Көлдө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды


Ысык-Көлдө ушул тапта Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы болуп жатат.

Коопсуздукка 6 миңден ашуун тартип сакчысы көзөмөл салууда. Жеринде жүргөн кабарчыбыз билдиргендей, Чолпон-Атада оюндардын ачылыш салтанаты өтө турган ат майданга келгендердин баары тыкыр текшерилди.

Салтанатка президент Алмазбек Атамбаев катышууда. Ошондой эле дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринен расмий коноктор чакырылган.

Оюндарды чагылдырууга жергиликтүү чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 400дөн журналист келген.

Дүйнөнүн 40 мамлекетинен келген спортчулар улуттук оюндардын 23 түрүнөн күч сынашат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG