Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Көчмөндөр оюндарына келген өзбек спортчулары параддан өтүшпөдү


II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген өзбекстандык спортчулар. 3-сентябрь, 2016-ж. Чолпон-Ата шаары.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген өзбекстандык спортчулар. 3-сентябрь, 2016-ж. Чолпон-Ата шаары.

Ысык-Көлдө 3-сентябрда башталган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген өзбекстандык жети спортчу салтанаттуу параддан өтүшпөдү. Алып баруучу Өзбекстанды жарыялаган кезде мамлекеттин аты жазылган тактайды көтөргөн кыргыз кызы гана эл алдына чыкты. Өзбекстандык спортчулар президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу жарыяланган үч күндүк аза күтүүгө байланыштуу салтанатка катышпады, бирок мелдештерге чыга беришмекчи.

Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнө салып, Өзбекстанда 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

3-8-сентябрга белгиленген Көчмөндөр оюндарына 40 мамлекеттен спортчулар келди. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG