Кырчын жайлоосуна 350дөн ашуун боз үй тигилген. Анда негизинен ат оюндары көрсөтүлөт. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, парламент төрагасы, вице-премьер-министр, министрлер жана депутаттар да Кырчын жайлоосундагы ат оюндарына күбө болот.
Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Ысык-Көлдө 3-сентябрда башталды. Анда дүйнөнүн 39 мамлекетинен келген спортчулар улуттук оюндардын 23 түрүнөн күч сынашууда.
Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 406 кабарчысы чагылдырууда.(UEz;ZKo)