Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстандын эсебине дагы беш коло байге кошулду


Таяк тартышуу боюнча мелдештин катышуучулары.
Таяк тартышуу боюнча мелдештин катышуучулары.

Бүгүн, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарында экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн таяк тартыш боюнча мелдештерде эркектер арасында кыргызстандык спортчулар беш коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" мелдештин жүрүшүнө күбө болгон журналист Сүйүн Токсобаев билдирди.

3-орун үчүн таймаштарда Азамат Асанов (60 кг.), Кудайназар Алимов (70 кг.), Андрей Цой, Вячеслав Абросимов (105 кг.) жана Азат Таштанбеков (90 кг.) атаандаштарын уткан. Буга чейин кыз-келиндер арасында байге ээлери аныкталып кыргызстандык спортчулар бир алтын, бир күмүш жана үч коло байгеге ээ болушкан эле. Алтын байгени Ольга Шайнурова (85 кг.) утса, күмүш байгени Айчүрөк Эргашева (85 кг.) алды. Коло медалдарды Ирина Мировнова (85 кг.), Дилбара Иманканова жана Розалия Тилегенова (55 кг.) тагынышты. Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн таяк тартыш боюнча мелдештер дүйнө чемпиондугу деген аталышка да ээ.

Таяк тартыш боюнча мелдештердин жыйынтыгында медалдардын эсеби жана спортчулар топтогон упай боюнча учурда Орусия курамасы көч башында. Орусиялык таяк тартышуу боюнча чеберлер 9 алтын, эки күмүш, бир коло байге алып 129 упай топтоп алдыда келе жатышат.

Кыргызстандан эки команда таймаштарга катышууда. Кыргызстан эки командасынын өкүлдөрү бир алтын, бир күмүш жана төрт коло байге менен 40 упай алып экинчи катарда. Грузия эки алтын, бир күмүш медаль менен 32 упай топтоп үчүнчү катарда. АКШ менен Армения спортчулары эки күмүш, бирден коло байгеге ээ болушуп бешинчи, алтынчы орунду бөлүшүп турушат.

Украина бир күмүш, үч коло, Өзбекстан бир күмүш, эки коло, Казакстан менен Польша бирден күмүш, бирден коло медалга ээ болушкан. Исландия, Иран, Литва, Норвегия жана Венгрия өлкөлөрүндө бирден коло байге бар.


Бүгүн кечке жуук казак күрөшүнөн да байге ээлери аныкталат. Ошондой эле ордо, көк бөрү, далба ойнотуу, мангала, тогуз коргоол жана бүркүт салуу боюнча алдын ала мелдештер да өтүп жатат. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда жыйынтыкталат. 40 мамлекеттен келген эки миңге жакын спортчу спорттун 23 түрүнөн таймашат. (ECh).

XS
SM
MD
LG