Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Дональд Туск Чоң жыйырманын лидерлерин миграция кризисин чечүүгө чакырды


Греция менен Македониянын ортосундагы качкындар

Греция менен Македониянын ортосундагы качкындар

Ханчжоу шаарындагы саммитте Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск эл аралык коомчулукту Европага миграция кризисин чечүүгө жардам берүүгө чакырды. Анын сөзү боюнча, жаңы мигранттарды кабыл алууга Евробиримдиктин чамасы чак.

Тусктун айтуусунда, сөз сириялык качкындар жөнүндө эле болуп жаткан жери жок, дүйнө жүзү боюнча качкындардын жана мигранттардын саны 60 млн адамдан ашуун. Еврокеңештин төрагасы саммиттин катышуучуларын адамдарды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбурлап жаткан себептерди жоюуга чакырды. Анын сөзү боюнча, Кытай, АКШ жана Орусия Сириядан качкындарды кабыл албаган соң, бул өлкөгө гуманитардык жана экономикалык жардамдарды көбөйтүүгө тийиш.

2015-жылы Сириядан, Жакынкы Чыгыштан жана Африкадагы согуштардан качкан миллиондон ашуун качкын Европадан башпаанек сурашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG