Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Казакстан Кыргызстандан жашылча-жемиш алууну азайтты. Былтыркыга караганда, Казакстанга жашылча-жемиш экспорттоо 238 эсе кыскарган. Өткөн жылы беш айда коңшуларга 6,5 млн долларлык жашылча-жемиш сатылса, быйылкы сатылган түшүмдүн жалпы көлөмү болгону 27,3 миң долларды түзгөн.

Ал эми акыркы беш айда Кыргызстандан жалпы ЕАЭБ өлкөлөрүнө мөмө-жемиш экспорттоо 3,8 эсеге кыскарды. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинен маалымдашты. Бул аралыкта биримдикке мүчө өлкөлөргө сатылган жашылча-жемиштин көлөмү 2,2 млн долларды түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 8,7 млн доллар болчу.

Орусия менен Беларуска жашылча-жемиш сатуу көбөйгөнү айтылат. Мисалы, өткөн жылы апрелден сентябрга чейин Орусияга 2,9 млн долларлык түшүм экспорттолсо, быйыл бул көрсөткү 75 миң долларга көп. Беларуска сатылган жашылча-жемиштин көлөмү өткөн жылга караганда, үч эсеге көбөйгөн. Арменияга болсо быйылкы жылдын эсебинен дээрлик жашылча-жемиш экспорттолгон эмес. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG