Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Литва украин армиясына жардам жөнөттү


Литва орусиячыл жикчилдерге каршы күрөшүп жаткан Украина армиясына 150 тонна аммуниция жөнөттү. Коргоо министри Юозас Олекас 3-сентябрда билдиргендей, “Орусиянын чабуулуна кабылган дос мамлекетке” жардам берүү Литванын милдети. Украинанын чыгышында жикчилдерге каршы уруш башталгандан бери Вильнюс ушуну менен экинчи жолу Киевге аскердик жардам көргөзүп отурат. “Биз Украинанын өтүнүчүнө жооп бердик жана бул көмөк алардын турумушун жеңилдетет деп үмүттөнөбүз”, - деди литвалык министр.

Орусиянын Крымды аннексиялап, Украинага кийгилишүүсү Европа биримдиги жана НАТОнун мүчөсү болгон мурдагы советтик жумурияттын - Литванын тынчсыздануусун жараткан.

150 тонна аскердик жардамдын ичинде Литва армиясы колдонбой калган Калашников автоматтарынын ок-дарысы да бар.

XS
SM
MD
LG