Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Мектептерди интернетке туташтыруу тендерине арыз кабыл алуу аяктоодо


Кыргызстандагы 600 мектепти интернетке туташтыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган тендерге арыз кабыл алуунун мөөнөтү 5-сентябрда аяктайт. Августта билим берүү жана илим министрлиги бул багытта кайра тендер жарыялаган. Ага чейин жайында жарыяланган тендерге катышуу боюнча провайдарлерден арыз түшкөн эмес. Бир гана «Кыргызтелеком» акционердик коому арыз берип, бирок кымбат баа сунуштаган. Буга байланыштуу кайрадан сынак өтөрү тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Министр Элвира Сариева тендерге көңүлкош мамиле жасап жаткан провайдерлерди Кыргызстандын келечегин ойлоого чакырган. Тендерге канча компания арыз бергени бүгүн белгилүү болот. 600 мектепти интернетке туташтыруу үчүн республикалык бюджеттен 163 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG