Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр Өзбекстанда аза күтүү бүткөндөн кийин башталат


Үңкүр-Тоо.

Үңкүр-Тоо.

Үңкүр-Тоодо телемунарада иштеген төрт кыргызстандыкты бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр Өзбекстанда аза күтүү аяктагандан кийин башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өзбек бийлиги президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 6-сентябрга чейин аза күтүү жарыялагандыктан, жарандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр убактылуу токтоп турат.

22-августта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция кызматкерин калтырган. Ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды кармап кеткен. Ошондон бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда. Өткөн аптада расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу аскерлеринин санын көбөйткөн. Расмий билдирүү боюнча, азыр алардын саны 15-20 чамалуу. Жергиликтүү жашоочулар болсо өзбек аскерлеринин саны 25ке жеткенин айтышкан. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG