Линктер

Сирия жаңжалын чечүүдө Орусия менен макулдашууга мүмкүн болбой жатканын АКШ президенти Барак Обама 4-сентябрда билдирди. Анын айтымында, Кошмо Штаттар Сириядагы абалды жөнгө салууда Орусия менен жакынкы аралыкта макулдаша албайт, ортодо олуттуу пикир келишпестиктер чыгууда. Обама эки өлкө азырынча Сириядагы согушту токтотууга зарыл болгон чаралар боюнча орток пикир таба электигин, кайсы топторго каршы абадан сокку уруу керек деген маселеде карама-каршылык жаралганын, бирок Москва менен Вашингтон сүйлөшүүлөрдү уланта турганын айтты.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдан бери токтой элек. АКШ менен Орусия чыр-чатакты биргелешип жөнгө салуу, аймакта террорчулукка каршы күрөшүүдө мунаса табууга умтулуп жатканын айтып келишет. Вашингтон өзү колдогон оппозиция күчтөрүнө абадан сокку урду деп Орусияны бири нече ирет айыптап чыккан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG