Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөт башчылары чек араны талкуулашты


Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев.
Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев.

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрда Самарканга Ислам Каримовдун тажыясына барган кезде Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев менен чек ара маселесин талкуулады. Бул тууралуу 5-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Эки тараптуу жолугушууга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Ташкендеги кыргыз элчиси Данияр Сыдыков жана Жогорку Кеңеш депутаттары катышты.

22-августта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция кызматкерин калтырган. Ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды коңшу өлкөнүн тартип сакчылары кармап кетишкен. Ошондон бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда. Өткөн аптада расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу аскерлеринин санын көбөйткөн.

Өзбек бийлиги президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 6-сентябрга чейин аза күтүү жарыялагандыктан, жарандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр убактылуу токтоп турат. (SE)

XS
SM
MD
LG