Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:48

Түркия Сириянын чек ара тилкесиндеги жихадчыларды сүрүп чыгарды


Түрк аскерлери менен Сириянын куралдуу оппозициясы чек аранын сириялык тарабындагы аймагынан өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топтун отряддарын сүрүп чыгарды. Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым билдирди. Анын айтымында, Сирия менен Түркиянын чек арасында жихадчылар көзөмөлдөгөн бир да жер калган жок.

Сириянын Адам укуктары боюнча мониторинг борбору "Ислам мамлекети" тобу чек арадагы "бардык аймактардын үстүнөн көзөмөлдү жоготту, андыктан тышкы дүйнө менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнөн да ажырады" деп эсептейт.

Сириядагы аскерий операциясын Түркия 24-августта чек арадагы Жераблус шаарынан баштаган.

Жекшемби күнү АКШ президенти Барак Обама Түркия башчысы Режеп Тайып Эрдоганга Сирия менен чек ара тилкесинин коопсуздугун камсыз кылуу керектигин айткан. Эки лидердин жолугушуусу G20 тобунун Кытайдын Ханчжоу шаарындагы саммити маалында өткөн.

Обама ошондой эле АКШ Түркияда июль айында ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетин айыптарын айтты.(RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG