Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Өкмөттө Үңкүр-Тоо маселеси талкууланды


Үңкүр-Тоо
Үңкүр-Тоо

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча бүгүн жумушчу кеңешме өткөрдү жана тийиштүү кызматтагыларга маселени тез арада чечүүнү тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Самаркандга 3-сентябрда Ислам Каримовдун тажыясына катышууга барып, өзбек премьери Шавкат Мирзиёев менен бул маселени талкуулаган. Коңшу өлкө конструктивдүү кызматташууга даярдыгын билдирген.

22-августта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция кызматкерин калтырган. Ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды коңшу өлкөнүн тартип сакчылары кармап кетишкен. Ошондон бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда. Өткөн аптада расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу аскерлеринин санын көбөйткөн.

Өзбек бийлиги президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 6-сентябрга чейин аза күтүү жарыялагандыктан, жарандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр убактылуу токтоп турат. (SE)

XS
SM
MD
LG