Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

“Реформа үчүн жана жыйынтык” жарандык бирикмеси жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында Кыргызстанда түрдүү кылмыштардан жабыркагандардын 63% ашыгы милицияга кайрылбайт, деп тыянак чыгарылды. Аталган уюм коомдук коопсуздук боюнча эки ирет жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгын Ички иштер министрлигине жөнөттү.

Изилдөө Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүлгөн. Ошондой эле милицияда, жергиликтүү башкаруу органдарында иштегендер да катышкан. Жарандардын көбү милицияга арыз тапшыруу жараяны көп убакыт аларын, күч органдарындагы формалдуулуктан улам көпчүлүк даттануудан баш тартарын билдиришкен.

Кыргызстанда Ички иштер тармагын реформалоо боюнча бир канча жылдан бери аракет жасалат. Бирок андан майнаптуу жыйынтык чыкпай жатканын серепчилер сындап келишет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG