Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Көчмөндөр оюндары: Камолиддин Абдурахимов түркмөн күрөшүнөн күмүш алды


Байге ээлери.
Байге ээлери.

Кыргызстандык балбан Камолиддин Абдурахимов Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн түркмөндөрдүн Гореш деп аталган күрөшүнөн күмүш медал тагынды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурпери Садырбекованын билдиришинче, бүгүн күрөштүн Гореш түрүнөн 80 килограммдан жогорку салмактагылар арасында абсолюттук салмакта байгелер ойнотулду.

Алтын байге үчүн беттеште түркмөнстандык Режепалы Орозлиев менен кыргызстандык Камолиддин Абдурахимов таймашып, түркмөн балбаны жеңишке жеткен. Коло байгелерге ирандык Мохаммади Абдолвахед менен орусиялык Дмитрий Балянов ээ болушту.

Бүгүн азербайжандардын Гюлеш күрөшүнөн дагы байгелер ойнотулат.

Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын алкагында таяк тартыш жана казак күрөшүнөн байге үчүн күч сынашуулар аяктаган.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы медалдар боюнча, орусиялык спортчулар 10 алтын, эки күмүш жана эки коло байге менен алдыңкы орунда келатат. Казакстандыктар төрт алтын, эки күмүш, эки коло байге менен экинчи катарда. 3-орундагы грузиялыктарда эки алтын, бир күмүш байге бар. Кыргызстандын спортчулары бир алтын, төрт күмүш, 10 коло байгеге ээ болуп төртүнчү орунда бара жатат.

XS
SM
MD
LG