Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Москвадагы өрт боюнча изделип жаткан ишкер тергөөгө келди


Өрт курмандыктары.
Өрт курмандыктары.

Орусияда кыргызстандык кыз-келиндердин өмүрүн алган өрт боюнча изделип жаткан ишкер тергөөгө өзү келди. Федералдык тергөө комитети билдиргендей, “Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин күч органдарына келип, көрсөтмө берди. Ага Орусиянын Кылмыш кодексинин “өрт эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган болчу.

Маалыматка караганда, анын тергөөгө өзү келиши кылмыш жоопкерчилигин жеңилдетиши ыктымал.

27-августта аталган ишканада өрт чыгып, 17 киши набыт болгон. Алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер эле.

XS
SM
MD
LG