Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Көчмөндөр оюндары: айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды


Оюндар өтүп жаткан Кырчын жайлоосу
Оюндар өтүп жаткан Кырчын жайлоосу

Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда бүгүн өткөн кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Эл аралык айтышта кыргыз акындарынын ичинен Азамат Болгонбаев, казактардан Мухтар Ниязов баш байгени алды. Ал эми биринчи орун үчүн кош байгеге Болот Назаров менен Жаркынбек Наушанбеков ээ болушту. Экинчи орунду Амантай Кутманалиев, Нурмат Масуров, 3-орунду Асылбек Маратов, Дидар Калиев ээлешти. Тогуз акынга кызыктыруучу сыйлык берилди. Кош байгеде эки акынга бирден орун, бирдей байге коюлат. Баш байгеге ар бир акынга 300 миң сомдон, биринчи орунга илингендерге 150 миңден, андан ары 100, 80 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды. Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сомду түздү. Кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы онунчу жолу, ал эми кош байге коюлган сынак төртүнчү жолу уюштурулду. (ZA/NT)

Коомдук биринчи каналдын тасмасы (айтыштын биринчи күнү)

XS
SM
MD
LG