Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

ДКО-2016: Азербайжан күрөшүнөн кыргыз балбандары эки күмүш, эки коло байге алышты


Сүрөттө азербайжандардын күрөшүнөн 70 килограммга чейин салмакта күмүш байге уткан Бекжан Токтобаев. 5-сентябрь, 2016-ж.
Сүрөттө азербайжандардын күрөшүнөн 70 килограммга чейин салмакта күмүш байге уткан Бекжан Токтобаев. 5-сентябрь, 2016-ж.

Бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында азербайжандардын күрөшүнөн (гүлеш) кыргыз балбандары эки күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу мелдешке күбө болгон журналист Гүлжан Турдубаева билдирди. Маалыматка караганда, байгелер алты салмакта ойнотулду. Кыргыз балбандарынын арасынан Бердибек Кадырбек уулу (50 кг.) менен Бекжан Токтобаев (70 кг.) күмүш медалдарды тагынышты. Дөөлөтбек уулу Жандарбек (90 кг.) жана Амил Жоробеков (+90 кг.) коло байгелерге ээ болушту. Бул таймаштарда төрт алтынды Азербайжандын балбандары утса, эки алтын медалга ирандык балбандар ээ болушту.

Буга чейин көчмөндөр оюндарынын алкагында таяк тартыш, казак күрөшү жана түркмөн күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Медалдардын саны боюнча Орусия курамасы алдыда келе жатат. Орусиялык спорчтулар он алтын, эки күмүш жана үч коло байге менен алдыңкы орунда келатат. 2-орундагы азербайжандыктарда төрт алтын, төрт күмүш, төрт коло бар. Казакстандыктар төрт алтын, үч күмүш, үч коло байге менен үчүнчү катарда.

4-орундагы Ирандын спортчуларында эки алтын, үч коло бар. Грузиялыктар эки алтын, бир күмүш байге менен бешинчи катарда. Кыргызстандын спортчулары бир алтын, алты күмүш, 12 коло байгеге ээ болуп алтынчы орунда бара жатат.

Бир нече убакыттардан кийин мелдештердин программасына кирген Бүркүт салуунун "үндөк" жана "чырга" түрлөрүнөн да жеңүүчүлөрдүн тизмеси такталат. (ECh).

XS
SM
MD
LG