Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Тажикстан: ИМге кошулууну көздөгөн адам соттолду


Дүйшөмбүнүн Диловар Музаффаров аттуу жашоочусу өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко кошулууну көздөгөн деген айып менен алты жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун тажик кызматы өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянуу менен кабарлады.

Маалыматка караганда, соттолгон адам Орусияда эмгек мигранты болуп жүрүп, быйыл 4-майда «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулуу үчүн Москвадан Стамбулга учуп кетүүгө аракеттенгенде кармалган. Орусиянын укук коргоо органдары Тажикстанга өткөрүп берген. Сот аны Кылмыш кодексинин 32-беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 6 жыл 6 айга катаал режимдеги абакка кести.

XS
SM
MD
LG