Линктер

Таш-Көмүрдө экстремизмге шектелгендердин үйү тинтилди


Жалал-Абадда тинтүү маалында табылган диний- экстремисттик материалдар.

Жалал-Абадда тинтүү маалында табылган диний- экстремисттик материалдар.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү бүгүн таңга маал Таш-Көмүр шаарында “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөлөрү деп шектелген беш жарандын үйүн тинтүүгө алды. Облустук милициянын маалымат кызматынын билдиришинче, анда күбөлөрдүн катышуусунда экстремисттик идеологияны жайылткан китеп, баракча, электрондук каражаттардагы маалыматтар табылды. Үйү тинтилип жаткан маалда айрым тургундар мындай материалдардын изин жазгыруу үчүн өрттөп жиберүүгө аракет кылган учурлар да болду. Алынган далил буюмдар боюнча соттук-теологиялык экспертиза дайындалды жана тергөө иштери башталды.

Таш-Көмүр шаарында Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү катары 30дай адам милициянын оперативдүү тизмесинде турат. Облус боюнча бул диний-экстремисттик уюмду колдогондор 500гө чамалайт жана жыл башынан бери 10дой адам өз эрки менен мындай идеологиядан баш тартканы маалымдалган.

Буга чейин мындай тинтүү иш-чаралары облустун бардык аймагында өткөн. (EBM)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG