Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

ТИМ: Казакстанда террорчулукка шектелген жаран Өзгөн районунун тургуну


Казак бийлиги Алматыда ири террордук чабуул жасоого камынып жаткан топтун башчысы кыргызстандык экени тууралуу маалыматты Бишкекке 18-августта расмий кабарлаган. Ал Өзгөн районунун 40 жаштагы тургуну экени аныкталганын мекеменин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул жаатта комментарий бере элек.

Казакстанда кыргызстандык жаран башында турган куралчан топтун өкүлдөрүнө “террорчулукту жайылтуу”, "террордук топту түзүү жана анын ишине катышуу” беренелери боюнча кылмыш иш козголгон. Алар учакты ээлеп алып, АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында жасалгандай теракт уюштурууну көздөгөнүн Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук штабынын өкүлү Сакен Мынбаев дүйшөмбүдө билдирген эле. Анын айтымында, радикал топтун мүчөсү деп шектелген төрт адам быйыл 18-августта Алматы облусунун Иргели айылында колго түшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG