Линктер

Президенттин үстүнөн жазылган арызды кароо 7-сентябрга жылды


Укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулованын президенттин үстүнөн жазган арызын кароону Бишкек шаардык соту 7-сентябрда улантат. Бүгүнкү отурумда мамлекет башчынын өкүлү көрсөтмө берди. Бирок укук коргоочулар анын айткандарына макул эместигин билдиришти.

Абдирасулова менен Исмаилованын арызын буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту канааттандырган эмес. Алар шаардык сотко апелляциялык арыз жолдогон.

Быйыл Энелер күнүндө мамлекет башчы кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган. Укук коргоочулар жыйынга мониторинг жүргүзүү максатында барышканын айтышып, президенттин айтканына нааразы болуп сотко кайрылышкан. Алар мамлекет башчынын кечирим суроосун жана ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөсүн талап кылышууда. (SE\ZA)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG