Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Кабулда кол салгандардын акыркысы жок кылынды


Кол салуудан кийин.
Кол салуудан кийин.

Бул тууралуу Ооганстандын ички иштер министрлиги 6-сентябрда кабарлады. ИИМдин маалымат катчысы Седик Седиккинин маалымдашынча, Кабулдагы эл аралык жардам берүү борборуна кол салып, ал жердеги адамдарды барымтаган алган үч куралдуу адамдын баары жок кылынды. 11 саатка созулган камалоодо барымтага алынган бир адам өлүп, алтоосу жарадар болгон. CARE international борборундагы 42 адам, анын ичинде 10 чет өлкөлүк куткарылган.

Эл аралык жардам берүү борборуна кол салуу 5-сентябрда түнү башталган. Ага чейин Кабулда талиптер эки жерде жардыруу уюштуруп, андан 24 адам өлүп, 90дойу жарадар болду. Каза болгондор арасында ооган генералы жана жогорку кызматтагы эки командир бар экени кабарланды. Талиптердин маалымат катчысы Забиулла Мужахид биринчи чабуул Ооганстандын коргоо министрлигине, экинчиси полицияга каршы багытталганын маалымдады. (AiT)

XS
SM
MD
LG