Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Эгемендик сынагынын жеңүүчүлөрү

“Азаттык” үналгысы “Эгемендик-25: Биз көргөн доор” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул сынакка жалпысынан алтымыштан ашык материал келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү Azattyk.org сайтына жарыяланды.
“Азаттык” үналгысы Эгемендиктин 25 жылдыгына карата аңгеме, эскерүүлөргө, чыныгы фактылар менен көмүскөдө калган көрүнүштөр камтылган блогдорго, ошондой эле өткөөл доордогу жашоо-турмушту чагылдырган сүрөттөргө сынак жарыялаган.​

Жеңүүчүлөргө сыйлык берүү аземи бүгүн “Азаттыктын” кеңсесинде өттү. Сыйлыктарды "Азаттыктын" кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева жана "Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Каназаров тапшырды.

Сынакка келип түшкөн материалдардын ичинен Нургазы Мусаев “Өкмөттүкү” деп жүрүп, өлкөнү талкаладык”, Айсулуу Көкөева “Брюс Ли, Виктор Цой менен ооругам”, Аваз Жусупбеков “Кумжардам” аттуу блог-аңгемелери, ал эми Бекмурат Нурдөөлөтов “Күрмөнтүдөгү саясий ачкачылык” деген фотобаяны үчүн жеңүүчү деп табылды.

Нургазы Мусаев, Айсулу Көкөева, Аваз Жусупбеков ноутбук, ал эми Бекмурат Нурдөөлөтов фотоаппарат менен сыйланды.

Ал эми Бекболсун Нуралиев, Елена Көчкөнбаева, Махабат Абдылдаева, Нурмамат ажы Сапарбаев, Арзыкан Момунтаева, Сурат Жылкычиев, Александр Зеличенко сынакка жиберген макала-баяндары үчүн кызыктыруучу сыйлыктарга татыды.

“Азаттыктын” жамааты “Эгемендик-25: Биз көргөн доор” сынагына материалдарын жиберген бардык окурман, угармандарга ыраазычылык билдирет.


XS
SM
MD
LG