Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

ТИМ Камчаткада кыргызстандыктар ууланышканын кабарлады


Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Камчатка аймагында кыргызстандык үч жаран газга ууланганын кабарлады. Алар буга 21-августта Елизово шаарында орусиялык жарандарды куткарып жатып туш болгон.

Жабыркагандар Шералиев, Турсумуратов жана Адилов райондук ооруканага жеткирилген. Шералиев менен Турсумуратов тийиштүү медициналык жардам алып, үйгө чыгарылган. Адилов дарыланууну улантууда.

Мурдараак “Кам-24” агенттиги бул окуя тууралуу жазып, кыргызстандык үч жаран пенсионер аялды жана анын небересин куткаруу учурунда газга ууланып, көздөн ажырашканын маалымдаган. Окуя үйдүн жертөлөсүндө болгон. Пенсионер газ жутуп каза тапкан. Анын 14 жаштагы небересин кыргызстандыктар куткарып калышкан. Бирок өздөрү да ооруканага түшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG