Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Кытай элчилигинде теракт уюштургандар аныкталды


Жардыруу болгон Кытай элчилиги.
Жардыруу болгон Кытай элчилиги.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт уюштургандардын тек-жайы аныкталганын кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн, курамына уйгурлар да кирген “Жабхат-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталды.

Теракт уюштурууга шектелип, беш киши колго түштү. Төрт адамга издөө жарыяланды. Алардын баары Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Ал эми жардырууну ишке ашырган адам 33 жаштагы уйгур тектүү адам экени, Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталган. ​

- Анын аты-жөнү Зоир Халилов болгон. Кыргызстанга 20-август күнү кирген. Ал “Чыгыш Түркистан ислам кыймылынын” мүчөсү экени аныкталды,- деди Сулайманов.

30-августта эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин короосунда жанкечти унаасын жардырып, мерт болгон. Андан элчилик имараты жана жакын жайгашкан үйлөр зыян тарткан. (SE)

XS
SM
MD
LG