Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

УКМК: элчиликте теракт уюштургандар аныкталды


Элчиликте теракт уюштурду деп шектелгендер
Элчиликте теракт уюштурду деп шектелгендер

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт уюштургандардын тек-жайы аныкталганын кабарлады.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн, курамына уйгурлар кирген “Жабхад-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталды.

Теракт уюштурууга шектелип, беш киши колго түштү. Төрт адамга издөө жарыяланды. Алардын баары Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Ал эми жардырууну ишке ашырган жанкечти М 626881 номурлуу тажик паспорту менен жүргөн 33 жаштагы уйгур тектүү адам болгон.

- Анын аты-жөнү Зоир Халилов болгон. Кыргызстанга 20-август күнү кирген. Ал “Түркстан Ислам кыймылынан” экени аныкталды,- деди Сулайманов.

Жардырууну ишке ашырууга буйрук берген кишинин аты-жөнү Сирожиддин Мухтаров (Абу Салох), 45 жашта. Оштун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын тургуну. Ага эл аралык издөө жарыяланды. Ал Кытай элчилигиндеги терактты уюштурууга каржылык көмөк көрсөткөнү айтылууда.

Жардырууну ишке ашырууга Сузак районунун 45 жаштагы тургуну, Абу Ахмад деген каймана аты бар Бурханидин Жантөрөевдин катышы бар экени такталган.

Издөө жарыялангандардын катарында Ош шаарынын тургуну, 25 жаштагы Иззатилло Сатыбаев да бар. Анын каймана аты – Али. Ал тажикстандык Ф. Бабажанов аттуу жарандын паспорту менен жүргөн. Сокулук районунун Ново-Павловка айылынан ижарага үй алган. Жанкечти жардырган “Мицубиси Делика” автоунаасын сатып алган, бирок аны А.Кочкоровдун аты-жөнүнө каттаган. Теракт болордон бир канча саат мурун тажик паспорту менен Оштон Стамбулга учуп кеткен.

Жардырууну уюштурууга шектелип камакка алынгандар:

-Кармалгандардын бири 49 жаштагы аял. Сузак айылынын тургуну. Ал теракт үчүн каржы жеткирүүгө көмөктөшкөн деп шектелүүдө.

-Издөөдөгү Бурханиддин Жантөрөевдин тууганы. Ал терактты ишке ашыруучу адамды тапканга көмөктөшкөнү айтылууда.

-Сузак айылынын 45 жаштагы тургуну. Жанкечтинин Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнө көмөктөшкөн деп шектелүүдө.

- “Максым-Ош” жана “Адал Тур” компаниялардын 33 жаштагы кызматкери, Ноокат районунун тургуну.

-Кара-Суу районунун Учар айылынын 38 жаштагы тургуну.

Андан тышкары, “Адал Тур” ишканасында эмгектенген 29 жаштагы Турганбаев терактты каржылоого көмөктөшкөн деп шектелип издөөгө алынды. Ал Стамбулда экени айтылууда.

Ошондой эле Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келгени айтылган, азыр Стамбулда экени болжолдонгон Иляс Сабиров да издөөгө алынды. Анын эски паспортундагы аты-жөнү Илёс Абданбаев.

30-августта эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин короосунда жанкечти унаасын жардырып, мерт болгон. Жарылуунун күчү катуу болгондуктан анын радиусу он чакырым аралыкка чейин сезилген. Элчиликтин башкы имаратынын алдындагы корпустардын бири таптакыр жарабай калса, тегеректеги жөнөкөй турак жайлардын терезе-айнектери күбүлүп түшкөн. Айрым жөнөкөй тургундардын үйүнүн дубалынан жарака кеткен.

Эксперттер бул Бишкек шаарында жанкечти ишке ашырган биринчи теракт экенин эске салды. Андыктан коопсуздукка буга чейинкиден да өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтып, күч түзүмдөрүнөн кыраакылык жана чечкиндүүлүк талап кылынарын белгилешүүдө.

Жардыруу катталган Киргизия-1 конушу дипломатиялык шаарча катары да белгилүү. Бул аймакта бир топ өлкөнүн Кыргызстандагы элчиликтери жайгашып, район көбүнесе дипломаттар жашап келгени менен өзгөчөлөнөт. Кытай элчилиги турган аймакта АКШнын элчилиги жана орус элчисинин резиденциясы да жайгашкан.

XS
SM
MD
LG