Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Интернет үч эсе кымбаттады


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандын интернет провайдерлери Кыргызстан үчүн интернет баасын 1,5 – 3 эсе жогорулатты.

Казакстандын провайдерлери Кыргызстан үчүн интернет баасын 1,5-3 эсе жогорулатты. Бул тууралуу өлкөнүн байланыш операторлор бирикмеси билдирди. Буга чейин коңшулар кымбаттоо тууралуу алдын ала эскертишкени менен, баа саясаты эмне себептен өзгөргөнүн айтышкан эмес.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети баа саясатын чечмелеп берүүсүн талап кылып Казакстанга кат жолдогон. Мекеменин маалымат катчысы Назира Турдалиева жооп келген күндө да комитет баа саясатына кийлигише албай турганын айтууда.

- Кыргызтелеком менен байланыш операторлор ассоциациясынын өтүнүч катынан кийин биздин комитет Казакстандын тиешелүү кызматтарына суроо жөнөттү. Азырынча жооп жок, күтүп жатабыз. Баа саясатына биздин комитет кийлигише албайт. Казак провайдерлери интернет баасын 1,5-3 эсе кымбаттатып жатканын бизге байланыш операторлору кабарлаган.

Интернет баасы да саясатташтыбы?

IT-тармагы боюнча эксперт Азамат Аттокуров интернеттин кымбатташы саясий чечим экенин айтууда. Анын пикиринде бул маселени чечүүгө өлкөнүн жогорку бийлиги кийлигишпесе, интернетке абадай талап өскөн кыргызстандыктардын маалымат коопсуздугуна да, капчыгына да катуу сокку урулат.

- Чыныныда эле бул саясий чечим, бизге каршы жашыруун сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Баалардын кымбатташын Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна болгон кол салуу десек болот. Бул маселе президент, өкмөт башчылардын деңгээлинде чечилиши керек. Интернет бизге абадай эле керек. Провайдерлер бириксе да бул маселени чече алышпайт.

Кыргызстан интернеттин 90 пайызын казак провайдерлеринен, Казакстан болсо Орусиядан алат. Айрым байланыш операторлору интернет баасын коңшу өлкөдөгү 3-4 ири провайдер жең ичинен бычканын айтып нааразы. Казак тарап бааны түшүрбөсө Кытайдын интернетине муктаждык жаралат. Эксперт Азамат Аттокуров Кытай интернети арзан болгону менен сапатсыз экенин кошумчалады.

- Кытайдан бизге интернет оптоволокно каналы аркылуу Эркештам-Ош-Бишкек жолу аркылуу келет. Каналдын ээси “Кыргызтелеком” болгондуктан монополия орун алып баалар түшпөйт. Экинчиден, биздин интернет кардарлар көбүнчө орусиялык сайттарга киришет. Демек, бизге Орусиянын контенти керек. Эгер Кытайдан алсак сапаты начар болуп, байланыш начар болот.

Кытай интернетине муктаждык...

"Мега-Лайн", Saima Telecom сыяктуу компаниялар сайттарына кымбаттоо жөнүндө гана кабарлап, өзгөргөн тарифтери тууралуу так маалымат бере элек.

Интернеттин кымбатташын Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна болгон кол салуу десек болот.
Азамат Аттокуров

Кыргызтелеком мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Кылыч Куталиев коңшулардын баа саясаты алардын кардарларына таасир этпей турганын айтууда. Анын ишендиришинче, ишкана интернет үчүн тарифтерди көтөрбөйт.

- Бүгүнкү күндө биздин жетекчилик абоненттерге бааны көтөрбөө боюнча чечим кабыл алды. Учурда кытай, казак, орус операторлору менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Тарифтерди көтөрбөш үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Бирок казак провайдерлери бардык операторлор үчүн бааны көтөрдү, бул баа саясатын бизге таасир этпегидей кылабыз.

Расмий маалыматтар боюнча, 2015-жылы Кыргызстанда активдүү интернет пайдалануучулардын саны 4 млн. 750 миңден ашкан. Жалпы өлкө боюнча калктын 79% интернетке туташуу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстандык колдонуучулар ай сайын интернет үчүн орточо миң сомдон 3 мин сомго чейин төлөп келишет.

Адистердин баамында, интернеттин кымбатташы эң ириде IT тармагынын өнүгүүсүнө терс таасир этет. Ал эми дүйнөлүк желени спутник аркылуу алууга Кыргызстандын чамасы чак.

XS
SM
MD
LG