Линктер

Багдадда ИМ дагы теракт уюштурду


Жанкечти жардырууну шииттер жашаган көчөдө жасаган.

Жанкечти жардырууну шииттер жашаган көчөдө жасаган.

Ирак борборунда 5-сентябрда бомба салынган автоунааны жардыруудан жети киши өлдү. Жанкечти жардырууну шииттер жашаган Каррада көчөсүндөгү Абдел Мажид ооруканасына жакын жерде уюштурган. Полиция жана оорукана өкүлдөрү 15 киши жарадар болгонун кабарлады. Июль айында “Ислам мамлекети” террордук тобу ушуга жакын жерде жардыруу жасап, анда 324 киши набыт болгон эле. (AiT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG