Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

ДКО-2016: Кыргызстанга тогуз коргоолдон бир, мангаладан эки алтын байге кошулду


Тогуз коргоол боюнча III дүйнө чемпиондугу. 15-апрель, 2015-ж. Казакстан.
Тогуз коргоол боюнча III дүйнө чемпиондугу. 15-апрель, 2015-ж. Казакстан.

Бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол жана түрк элинин мангала оюндарынан жеке эсеп боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аталган мелдештердин ага калысы Камчыбек Касымов билдирди. Маалыматка караганда, оюндарга 22 өлкөдөн 63 оюнчу катышкан. Тогуз коргоолдон 52 спортчу, мангала оюнунан 11 спортчу байге үчүн ат салышкан.

Жыйынтыгында тогуз коргоолдон эркектер арасында кыргызстандык Анарбек Жамакеев чемпион болуп, дагы бир кыргыз тогуз коргоолчусу Кубан Сазаев күмүш медал утту. Үчүнчү орунду казакстандык Нурбек Кабиев алды.

Кыз-келиндер арасында казакстандык Асель Далиева жеңүүчү аталса, кыргызстандык Аида Керимбекова күмүш байгеге арзыды. Үчүнчү орун дагы бир казакстандык Диана Кенинага буюрду.

Мангала оюунан эркектер арасында кыргызстандык Кубаныч Ибраимов жеңүүчү аталса, дагы бир кыргызстандык Акылбек Касымов күмүш байге алды. Коло медал кытайлык Телиеке Кенжитайга буюрду.

Кыз-келиндер арасында беттештерде кыргызстандык Гүлжамал Сарыкеева чемпион болсо, дагы бир кыргызстандык Азиза Жамансартова күмүш медалды тагынды. Коло байгеге казакстандык Асель Далиева арзыды.

Бүгүн жогоруда аталган эки оюндан тең командалык эсеп боюнча мелдештер башталды. Жеңүүчүлөр эртең, 7-сентябрда аныкталат. (ECh.)

XS
SM
MD
LG