Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Каримовдун үй-бүлөсүнүн күүгүмү


Өзбекстандын көзү өтүп кеткен президенти Ислам Каримов аялы Татьяна Каримова, кыздары Гүлнара жана Лола Каримова-Тилляева менен.
Өзбекстандын көзү өтүп кеткен президенти Ислам Каримов аялы Татьяна Каримова, кыздары Гүлнара жана Лола Каримова-Тилляева менен.

Ислам Каримовдун өлүмү анын айрым жакындарынын абалын оорлотушу ыктымал. Бул эми алардын Өзбекстанда калууну чечкенине жараша болот дечи.

25 жылдык эгемендик доордо Өзбекстандагы биринчи үй-бүлө бийликтен жана элдин үшүн алуудан рахат алып жашап келген. Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтышы менен бул күндөр да соңуна чыгууда. Анын үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрү кокус Өзбекстанда калууну чечсе, кыйын абалда калышы мүмкүн. Кеп анын кыздары Гүлнара менен Лола тууралуу болуп жатат.

Каримовдун жубайы Татьяна Акбарова Каримова (иш жүзүндө экинчи аялы) кандайдыр бир ыдык көрүшү күмөн. Анүстүнө эл алдына деле көп чыккан эмес. Төркүндөрү таасирдүү, жакшы жердин кызы. Ислам Каримов аялынын жакындары болбосо мынчалык карьера жасай алмак эместир.

Балдар үйүндө чоңойгон Ислам Каримов кайындарынын жардамы менен мартабалуу адамдарга жолуккан. Алардын шарапаты тийип, Коммунисттик партиянын карьера тепкичине көтөрүлгөн. Азыр Татьяна Каримовга улгайып калды. Кимдир бирөө аны күйөөсүнүн саясаты үчүн күнөөлөгөнүн элестетүү да кыйын.

Миллионер эже-сиңди

Өзбекстандын калкына президенттин эки кызы майкөл-сүткөлдө жашары сыр эмес. Ошол учурда өлкөдөгү карапайым жарандын орточо айлык акысы 200-300 долларды гана түзөт. Bilan журналынын маалыматында, Швейцарияда Каримовалардын кыймылсыз мүлктөрү бар. 2009-жылы бул өлкөдөгү мартабалуу адамдарынын тизмесиндеги аялдар арасынан Гүлнара 10-орунду ээлеген. Анын байлыгын 570тен 665 миллион долларга чейин деп баалашкан. 2011-жылы “Биландын” эсептөөсүндө Каримовалардын жалпы дүнүйөсү бир миллиард долларга жеткен. Буга жооп ирети Лола Каримова менен анын күйөөсү Тимур Тилляев журналды сотко берген.

Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Өзбекстандын эли журналдын бул рейтинги тууралуу чала-чарпыт укса керек. Бирок мамлекеттик өзбек басылмалары ал тууралуу жазбайт. Эгер эже-сиңди Каримовалар эл алдына чыкпаса, Өзбекстандын калкы алар тууралуу эч убакта айтпашы деле мүмкүн эле. Бирок Гүлнара дайыма көңүл борборунда болгусу келди. Өзбекстандан тышкары жакта менчик мүлк күтүп, бизнеси жүрүшүп, өлкө ичиндеги ири ишканалардан тарта телеканалдарга чейин ага карап турган.

Мисалы анын Forum аттуу каналы жаштарга багытталган өзбек тасмаларын көрсөтчү. Бирок көбүнесе Гүлнара катышкан окуяларды чагылдырган. Ал уюштурган кайрымдуулук концерттери, Гүлнаранын көрүүчүлөр менен баарлашып жатканы Forumдан жеринен түз көрсөтүлүп турган.

Гүлнара АКШдагы мода мектебин бүтүргөн соң Forum анын Өзбекстанда өткөн көрсөтмөлөрүн дароо элге маалымдачу. Программа ортосундагы тынымда Гүлнарага окшоштуруп тартылган кыз жагымдуу музыканын коштоосунда гүлдүү талааны аралап, күндү беттеп тоого чыгып баратканын көрүүгө болот. Андан тышкары видеоклиптери да токтоосуз кетип турчу.

Кандын каары

WikiLeaks сайтынын Өзбекстан тууралуу белгилүү каттарынын биринде Гүлнараны “Өзбекстанда эң жек көрүмдү адам” катары аташкан.

Forum каналынан бир ирет жарашыктуу кийинген Гүлнаранын үлпөт тойго келгенин көрсөтүшкөн. Анда эми эле бийлеп, көңүлдүү отурган адамдар Гүлнараны көргөндө дароо мостоюп, турган ордунда катып калганын көрүүгө болот. Каныке өмүрү көрбөгөн эки жашты куттуктоо үчүн келген эле. Тойдун коноктору эрке кыз жанынан өтүп кеткиче кыймылдаган эмес.

Гүлнаранын чет элдеги чалды-куйду иштери кийин өзүнө айгак болду. Азыркы күндө анын ысымы Өзбекстанда келишим түзүү үчүн пара берген деп айыпталган бир нече чет элдик компаниялар менен байланышкан. 2014-жылы даражалуу өзбек аткаминерлеринин, кийин өзүнүн энеси менен сиңдисинин дарегине дооматы көбөйгөндө Гүлнараны үй камагына отургузушкан.

Бир нече айдан бери кабарсыз кеткен Гүлнара 3-сентябрда Самаркандда өткөн атасынын тажиясына да катышкан жок. Такталбаган маалыматтар боюнча Гүлнара азыр Өзбекстандан сырт жакка чыгып кеткен. Жакын арада мекенине келери да арсар.

ЮНЕСКОдогу элчи

Гүлнаранын сиңдиси Лола 2008-жылдан бери Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу элчиси. Жаңы президент бийликке келери менен ал кызматынан кол жуушу ыктымал. Он жылдан ашуун убакыттан бери жетим балдарга жардам берген “Сен жалгыз эмессиң” фондун жана майып балдарга колдоо көргөзгөн “Балдардын республикалык адаптация борборун” каржылап келет. Бул иштер анын Өзбекстанда кадыр-баркын көтөргөнү байкалат.

Лола Каримова күйөөсү менен
Лола Каримова күйөөсү менен

​“Билан” журналынын маалыматында, 2014-жылы анын жана анын күйөөсүнүн байлыгы 100дөн 200 миллион долларга чейин жеткен. Лола бул санды “аша чапкандык” деп атаган.

Британиялык Daily Mail жана кийинчерээк америкалык New York Times гезити Лола күйөөсү менен Голливуддан 58 миллион долларлык үй алганын жазышкан. Daily Mail мындан тышкары The Real Estalker блогуна шилтеме берип, Тилляевдер 2010-жылы 41 миллион долларга кыймылсыз мүлк сатып алганын кабарлаган. New York Times болсо Голливуддагы ак сарай аймактагы Лола Каримова жана анын күйөөсүнүн көп объектисинин бири экенин жазган. Лоланын Парижде батири да бар, ага ЮНЕСКОдогу милдетин аткарган кезде барат.

Лоланын айтымында, үй-бүлөдө акчаны күйөөсү табат. Жубайлардын чет өлкөдө жашаганына көп жыл болду. Ал эми мекенине атасы бийликтеги кездегидей ишенимдүү бара аларын элестетүү кыйын. Анан калса эжесинин үй камагына алынышы ага сабак болсо керек.

Бул демек, Өзбекстандын Ислам Каримовсуз келечегинде анын кыздары да болбойт дегенди билдирет. Өзбекстанда бул перспективага кайгыргандар деле жоктой.

Татьяна Каримова менен Лола Каримова алдынкы катарда аза күтүп отурушат
Татьяна Каримова менен Лола Каримова алдынкы катарда аза күтүп отурушат

​Каримовдун биринчи никесинен туулган уулу Петр азыр Орусияда жашайт. Ал Өзбекстан эгемендик алган жылдары бир да жолу келбегендей. Каримовдун бир карындашы жана иниси бары айтылып келет. Исламды балдар үйүнө бергени менен ата-энеси аларды багып чоңойткон. Маркум Ислам Каримов туугандары менен сейрек жолуккан дешет. Карындашынын баласы Жамшед эркин басылмаларга өзбек бийлигин сындаган бир нече макала жазгандан кийин психиатриялык ооруканага жаткырылган. Каримов аны куткаруу үчүн кол созгон эмес.

Брюс Паниер

Кыргызчалаган Санжи Туйтунова

XS
SM
MD
LG