Линктер

Москва: өрттөнгөн басмакана ээси жумушчуларды мыйзамсыз алганын айтууда


Кырсык болгон жер.

Кырсык болгон жер.

Москвадагы өрт чыккан “Печатный экспресс” басмаканасынын жетекчиси Сергей Москвин ал жерде иштегендерди мыйзамсыз жумушка орноштурганын моюнга алды. Бул тууралуу анын жактоочусу Елена Звездинага таянуу менен орусиялык маалымдоо каражаттары жазышты.

Анын айтымында, каза тапкан кыздар туруктуу иштеген эмес. Алар патентсиз эле жумушка алынган. Сергей Москвин өлгөндөрдүн туугандарынын бардык чыгымдарын төлөп берүүгө даяр экенин, каражат маселелерин чечүү үчүн алгач тергөөдөн качып кеткенин, үч адамга компенсация берилгенин да айтып чыкты.

Басмакана ээси Сергей Москвин 5-сентябрда тергөөгө өзү келген. Ага Орусиянын Кылмыш кодексинин “өрт эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган болчу. Маалыматка караганда, анын тергөөгө өзү келиши кылмыш жоопкерчилигин жеңилдетиши ыктымал.

27-августтагы басмаканадагы өрттөн он жети адамдын, анын ичинде он төрт кыргызстандыктын өмүрү кыйылган. Орусия Башкы прокуратурасы маркум кыз-келиндердин экөө гана Орусияда легалдуу түрдө иштеп жүргөнүн жана Москвада каттоодо турганын билдирген. Ошол эле маалда басмакана өзү төрт жылдан бери өрт кызматтары тарабынан текшерилген эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG