Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Президенттин үстүнөн жазылган арызды Бишкек шаардык соту канааттандырбады


Укук коргоочулардын президент Атамбаевге каршы пиктети.
Укук коргоочулардын президент Атамбаевге каршы пиктети.

Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулованын президенттин үстүнөн жазган арыздарын бүгүн Бишкек шаардык соту канааттандырган жок. Буга чейин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечим күчүндө калды. Абдирасулова менен Исмаилова эми Жогорку Сотко кайрылышарын билдиришти.

Быйыл Энелер күнүндө мамлекет башчы кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган. Укук коргоочулар жыйынга мониторинг жүргүзүү максатында барышканын айтышып, президенттин сөзүнө нааразы болуп сотко кайрылышкан. Алар мамлекет башчынын кечирим суроосун жана ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөсүн талап кылышууда.

Ишти алгач Биринчи Май райондук соту карап, президенттин пайдасына чечим чыгарган эле. (SE\ZA)

XS
SM
MD
LG