Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Өкмөт өкүлү Үңкүр-Тоого Өзбекстан зым тартып жатат деген кабарды төгүндөдү


Аксынын Үңкүр-Тоо аймагына өзбек чек арачылары зымдан тосмо тартып жатканы тууралуу маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов “Азаттык” радиосуна билдирип, 3-сентябрда аталган аймакка барып келгенин, бирок телемунарага чейин жетпегенин айтты:

- Үңкүр-Тоонун айланасына зым тартылып жатканы тууралуу эл арасында сөз болуп кетти. Ошондуктан чек ара кызматынын өкүлү менен чогуу барып келдим. Эч кандай зым тартылган жок. Станция иштеп жатат.

Мурдараак Үңкүр-Тоого Өзбекстан зым тосмо тартып жатканы кабар чыккан.

Үңкүр-Тоого Өзбекстан 22-августта күч кызматкерлерин алып кирген. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт кызматкерди кармап кетишкен. Андан бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук милициясында камакта. Коңшу өлкө муну “алар Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалышты” деп түшүндүргөн. Үнкүр-Тоодогу өзбек тартип сакчылары чыгып кетише элек.

Президент Алмазбек Атамбаев маселени тынчтык жол менен чечүүнү тийиштүү органдарга тапшырган. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG