Линктер

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террордук уюмга мүчө деп шектелген 28 жаштагы жаранды кармады. Ал Бишкекке Казакстандан келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүнүн аты-жөнү Шамо Мамедов. Ал 2-сентябрда ыкчам маалыматтын негизинде колго түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө Мамедов Кыргызстанда террордук топтун лидерлеринин көрсөтмөсү боюнча жүргөнү, Сириядагы согуштук аракеттерге адам тартуу менен алектенип жатканы аныкталды.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (SE)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG