Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Түркия Сириянын түндүгүндө үч аскеринен ажырады


Сириянын түндүгүндө түрк армиясынын үч аскери өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун колунан каза тапканын Түркия кабарлады. Дагы төрт аскер түрк танктарына жасалган ракеталык чабуулдан жараат алды.

Эки апта мурда Анкара Сириянын түндүгүндө террористтерге каршы операция баштаган болчу.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкө армиясынын бул операциясы ийгиликтүү жүрүп жатканын 4-сентябрда билдирген. Анын айтымында, жалпысынан 400 чарчы чакырым жер өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтон тазаланды. (RK)

XS
SM
MD
LG