Линктер

6-сентябрда Кырчын жайлоосунда Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 80 чакырымдык “чоң ат чабыш” жарышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Жарышка Орусия, Кыргызстан жана Казакстандан 23 күлүк катышкан. Жыйынтыгында байгелүү үч орунду тең кыргызстандык чабандестер алышты.

Тагыраак айтканда, Ак-кула аттуу тулпары менен чабандес Жеңиш Батыркулов биринчи келип, алтын байгеге ээ болду. Бул Чолпон-Ата шаарындагы "Асанбек Ата" жылкы заводунда тапталган аргымак болуп саналат. 2-орунда Ноорус аты менен Кара-Балта шаарынын өкүлү Чыңгыз Иманалиев, 3-орунда Көксерек аты менен Талас шаарынын өкүлү Рысбек Каримов келди.

Мелдештин байге фонду 850 миң сомду түздү. 7-орунга чейин 400 миң сомдон 20 миң сомго чейин акчалай сыйлык алышты. 1-орунга 440 миң, 2-оруга 150 миң жана 3-орунга 100 миң сом өлчөмүндө сыйлык берилди. (ECh).

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG