Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

"Союз" кораблинин экипажы жерге конду


Экипаж 7-сентябрда Жесказгандан 150 чакырым аралыктагы жерге конду
Экипаж 7-сентябрда Жесказгандан 150 чакырым аралыктагы жерге конду

Эл аралык "Союз" космостук кораблинин бир америкалык астронавт жана эки орусиялык космонавттан турган экипажы бүгүн эртең менен жерге ийгиликтүү конду.

172 күндүк миссиядан кийин алар Казакстандын Жесказган шаарынын түштүк-чыгыш тарабындагы аймакка келип конду.

Эл аралык станцияда азыр орусиялык космонавт Анатолий Иванишин, жапониялык астронавт Такуя Ониси жана америкалык астронавт Кэтлин Рубинс иштеп жатат.

Кийинки экспедиция космоско 23-сентябрда жөнөйт. Алар - орусиялык космонавт Сергей Рыжиков менен Андрей Борисенко жана америкалык астронавт Роберт Шэйн Кимброу. (RK)

XS
SM
MD
LG