Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Мектептердин орус китебине күнү түштү


Китеп
Китеп

Расмий маалыматтар боюнча быйылкы окуу жылында Кыргызстандагы мектептер окуу китептери менен 79% гана камсыз болгон. Ал эми иш жүзүндө окуучулар китеп менен болгону 30% гана жабдылганы айтылууда.

Китеп тартыштыгы өзгөчө орус тилдүү мектептерде күч болгондуктан, аларда негизинен, Орусиянын Билим берүү министрлиги тарабынан уруксат берилип, ошол жактан басылган окуу китептер пайдаланылат.

Орус тилинде билим берген мектептерде окутулган окуу китептеринин көпчүлүк бөлүгү Орусияда басылып, бул өлкөнүн Билим берүү министрлиги, Билим берүү академиясы тарабынан бекитилген китептер.

Буга айрым ата-энелер каршы эмес, тескерисинче, Орусиянын илимдер академиясы бекитип жаткан соң, алардын сапаты жакшы деп эсептешет.

3-класстагы кызына китеп издеп жүргөн Бишкек шаарынын тургуну Аида буларга токтолду:

- Менин уул-кызым экөө тең орус тилинде билим берген мектепте окуйт. Жыл сайын эле көпчүлүк китептерин сатып беребиз. Ооба, көп китептери Москвада, Санкт-Петербургдагы басмаканалардан, Орусиянын Билим берүү академиясы тарабынан бекитилген китептер. Менимче, бул жакшы. Анткени, алардан чыккан китептер биздин өзүбүздө чыккан китептерге караганда, сапаты мыкты деп ойлойм. Балдар да мындай китептер менен жеткиликтүү билим алат.

Бирок ошол эле учурда кандай гана мектеп болбосун, Кыргызстанда чыгарылган, өзүбүздүн Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген окуу китептерин пайдаланууга тийиш деген пикирдеги ата-энелер да жок эмес.

Журналист Бурулай Пусурманкулова мына ушундай башаламандыктан жаш балдар кыйналып жаткандыгын белгиледи:

- Орусияда чыккан китептер Орусиянын идеологиясын таратат. Андай китептерде Орусиянын гимни жазылып, герб, желектери тартылган. Менин оюмча, кайсы гана тилде окутпасын, Кыргызстандагы мектеп болгон соң, алар Кыргыз мамлекетинин идеологиясын жайылтып, өзүбүздүн Билим берүү министрлиги же Билим берүү академиясы бекиткен китептерди гана окутууга тийиш.

Мектеп бирин-экин гана китеп берет

Бурулай Пусурманкулованын 3-класста окуган кызына мектептен болгону бир китеп берилген, калганын сатып алууга туура келген:

- Менин кызым быйыл бир эле “Мекен таануу” деген китебин мектебинен алды. Калган китептеринин баарын сатып бердим.

Жыл сайын улам жаңы тендер өткөрүлүп, жаңы авторлор китеп жазып, ошолордун китеби окутулсун деген буйрук чыгат экен.
Сырга

Мектептердеги окутуу программаларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу жыл сайын улам жаңы китептер чыгып жаткандыгын китеп базарындагы сатуучулар да белгилешти. Өзүн Сырга деп тааныштырган сатуучунун айтуусунда, былтыркы окулган китептер быйыл керектен чыгып калып жатат:

- Мисалы, былтыр бир китепке суроо-талап көп болуп, ошону көп сурап, көп алышкан. Биз ал китепке буюртма берип, быйылкы окуу жылына көп кылып, алып келип койсок, быйыл ал китеп жарабай калыптыр. Анткени, жыл сайын улам жаңы тендер өткөрүлүп, жаңы авторлор китеп жазып, ошолордун китеби окутулсун деген буйрук чыгат экен.

"Орусияда басылган китептер"

Бишкектеги орус тилинде билим берүүчү мектептерде окутулган китептердин көпчүлүгү Орусияда басылган, ошол жердин Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген. Мисалы, №24 орто мектепте 2-класстын кыргыз тили жана мекен таануу китептеринен башка китептер Орусияда чыгарылган.

2-класстын мугалими Елена Ефремованын айтуусунда, бул китептер Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин жана Билим берүү академиясынын уруксаты менен окутулууда:

- Менин он бир жылдан берки мугалимдик тажрыйбамда, орус тили, математика сабактарын кыргызстандык авторлор жазган китептер менен окуткан эмесмин. Орус тилин мурда Поляковдун авторлугундагы китеп менен окутуп келсек, азыр Рамзаев жазган китеп менен окутуп жатабыз. Математика сабагы деле ушундай. Негизинен Орусияда чыгарылган китептер.

Кыргызстандын мектептериндеги окуу китептери Билим берүү академиясы тарабынан экспертизадан өткөрүлөт.

Билим берүү академиясынын жетекчиси Абакир Мамытовдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, мектептерди окуу китептери менен толук камсыз кылуу үчүн 600 миллион сом зарыл. Бирок мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат 120 млн сомдун айланасында гана болууда:

- Окуу китептеринин мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарты аркылуу такталат. Предметтик стандарт аркылуу жана окуу программалары аркылуу такталат. Мына ушул жумуштун баарынын башында биздин академия турат. Билим берүү академиясы тарабынан мазмун калыптанат. Логикага таянган учурда жаңы муундагы окуу куралдары ушул стандарттарга дал келеби, ушул багытына көңүл бурулат. Экинчиден, окуу куралындагы колдонулган усулдук көз караш илимий негизделгенби же жокпу деген суроо боюнча экспертиза жүргүзүлөт. Биз экспертиза жүргүзүп, уруксат беребиз.

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы окуу жылында орус тилдүү мектептерде пайдаланууга бекиткен окуу китептеринин 80% Орусияда чыгарылган китептер. Бул китептер мектептердин китепканаларында дээрлик жок, ошондуктан, көбүнчө ата-энелер сатып алышат.

Мектептердеги китеп көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG