Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Сот укук коргоочуларды колдогон жок


Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилова
Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилова

Бишкек шаардык соту укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованын райондук соттун чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызын канааттандырган жок. Алар эми Жогорку Сотко кайрыларын билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев 14-май – Энелер күнүнө арналган жыйында эки укук коргоочуну “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган эле. Мындан улам укук коргоочулар беделине шек келтиргенин билдирип, моралдык зыян үчүн президент Алмазбек Атамбаевден 10 миллион сом компенсация талап кылып келишет.

Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтыргандан кийин президентке доо коюп жаткан укук коргоочулардын бири Азиза Абдирасулова буларды айтты:

- Мындан башка чечим чыгышы мүмкүн эмес эле. Эгер бүгүн соттор башкача чечим кабыл алса, анда бүгүн Кыргызстанда сот системасы толук реформа болду, ал эч кимге көз каранды эмес деген тыянакка келмекпиз. Чынында бул чечим өлкөдөгү реалдуу көрүнүштү кабарлайт.

Абдирасулова мындай чечимдер башынан эле "жетинчи кабаттын" көрсөтмөсү менен кабыл алынып келген деген ишенимде.

Дагы бир укук коргоочу Төлөкан Исмаилова өз укуктарын соттун мындан аркы инстанциялары аркылуу коргоорун билдирди:

- Бул Азиза менен Төлөкандын эле маселеси эмес. Биз жалпы кыргызстандыктарды конституциялык укугун жана эркиндиктерин сактаганга үгүттөп, Жогорку Сотко, андан ары БУУга кайрылабыз. Президенттер келет, кетет. Биз бул президент кетсе да процессти кайра козгоп, акыры моралдык чыгымды төлөттүрөбүз.

Алмазбек Атамбаев Энелер күнүндө саясий билдирүү жасаган. 14-май, 2016-жыл
Алмазбек Атамбаев Энелер күнүндө саясий билдирүү жасаган. 14-май, 2016-жыл

Президенттин жактоочусу Алмаз Усманова Алмазбек Атамбаев укук коргоочуларды каралады деген пикирге кошулбайт. Ал президент жаран катары өз оюн эркин билдирди деп эсептейт:

- Ар бир сөздү тизмектеп көрсөк: бул ишке жоопкердин доогерлер тууралуу айтканында эч кандай деле каралоо жок. Мисалы, ал жерде “... чет элден алган гранттарын актап жаткан Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова жана башка бейөкмөт уюмдар...” деп сүйлөгөн. Президент болгону ал форумда болгондорду эстеп, санап өттү. Мамлекет башчысынын бул сөзүн доогерлер өзүнө өтө эле жакын кабыл алып, туура эмес талкуулап жатышат. Чындыгында мында доогерлерге болгон өзгөчө терс мамиле деле жок.

Укук коргоочулардын Ак үй алдындагы нааразылык акциясы, 2016-жыл
Укук коргоочулардын Ак үй алдындагы нааразылык акциясы, 2016-жыл

Сот отурумдарына катышкан активист Өндүрүш Токтонасыров президент укук коргоочуларды кемсинтти, ошондуктан кечирим сурашы керек деген пикирди карманат.

Быйыл 14-майда Энелер күнүндө мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган болчу.

Кыргызстанда президентти сотко берүү же тескерисинче президенттин жарандарды сотко берүүсү абдан сейрек кездешкен көрүнүш экени айтылып келет. Буга чейин Алмазбек Атамбаев журналист Дайыр Орунбековду 2 миллион сомго доого жыккан болсо, эми минтип укук коргоочулар президенттен ар бири 10 миллион сом талап кылып жатат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG