Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Көчмөндөр оюндары: эр эңиш боюнча таймаштар аяктады


Көчмөндөр оюну.
Көчмөндөр оюну.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 7-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда эр эңиш боюнча таймаштар аяктады. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурпери Садырбекова билдиргендей, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Венгрия, Монголия жана Ооганстандан 25 спортчу катышып үч салмакта байге үчүн күч сынашты.

70 килограммга чейинки салмакта кыргыз спортчусу Каныбек Бузурманкул уулу алтын, казакстандык Ерназар Байгоноев күмүш, кытайлык Акат Дүйшөн уулу коло байге алышты.

90 килограммга чейинки салмакта казакстандык Башан Мухбили алтын, кыргызстандык Сырым Избасаров күмүш, кытайлык балбан Мухбили уулу коло байгеге ээ болушту.

90 килограммдан жогорку салмакта да казакстандык Биржан Косалиев алтын, кыргызстандык Канатбек Алпанов күмүш, ооганстандык Ташкургани Гулбодин коло алышты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 16 алтын, 15 күмүш жана 16 коло байге менен алдыңкы орунда келатат. Экинчи тепкичте Орусия – 10 алтын, 6 күмүш жана 7 коло. Үчүнчү катарда Казакстан – 7 алтын, 7 күмүш жана 8 коло.

3-сентябрда башталган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Анда 62 мамлекеттин 1000ден ашуун өкүлдөрү спорттун 23 түрүнөн таймашып жатышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG